24.kg
13:45, 30 декабря 2024, 24.kg

Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны эки эсеге кыскарды

Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны эки эсеге кыскарды. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча 2023-жылы Кыргызстандан 650 миң мигрант катталган. 2024-жылдын аягында бул көрсөткүч эки эсеге кыскарган — 350 миң адам.

«Биздин мигранттардын көбү Түркияда жана АКШда, ошондой эле Европада. Германия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, өлкө жумуш сунуштап жатат. Бирок ошол эле учурда чоң эмгек долбоорлорун ишке киргизүү менен кыргызстандыктарды мекенине кайтарууга аракет кылып жатабыз. Маселен, Камбар-Ата ГЭСинин курулушу башталып, анда 5 миңге жакын жумушчу орундар ачылууда», — деди ал.

Эске салсак, бир нече айга созулган маалымат жетишсиз болгондон кийин Росстат Орусиядагы эл аралык миграция боюнча статистиканы жарыялаган. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын тогуз айында туруктуу жашоо үчүн көчүп келгендердин миграциялык өсүшү 83,5 миң адамды түздү. Бул көрсөткүч 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир аз төмөн, анда өсүш 88,7 миң адамды түзгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18