24.kg
10:30, 30 декабря 2024, 24.kg

Актауда учак кырсыгы. Жабыркаган үч кыргызстандык Бишкекке алынып келинди

Актаудагы авиакырсыктан жабыркаган үч кыргызстандык Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандагы авиакырсыктан жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугунун абалы менен таанышты.

Бүгүн саат 2.52де алар Бишкекке жеткирилди. Жабырлануучулардын экөөнүн абалы канааттандырарлык деп бааланып, Улуттук госпиталдын кыска мөөнөттүү стационардык бөлүмүндө жатат.

Үчүнчү бейтаптын абалы туруктуу жана оор. Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда дарыгерлердин кеңешмеси өттү. Бейтап Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө адистердин такай көзөмөлүндө болуп, бардык зарыл болгон дарыланууда.

Эскерте кетсек, 25-декабрда Баку-Грозный багыты боюнча учкан Азербайжан аба жолдорунун учагы Актау аэропортуна жакын жерде кулап түшкөн. Учак Орусияга конуу аракети ийгиликсиз болгондон кийин шашылыш түрдө ал жакка багыт алган. Кырсыктын кесепетинен 38 адам каза болуп, 29 аман калганы ооруканага жаткырылган. Жабыркагандардын арасында Кыргызстандын үч жараны бар болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18