24.kg
18:47, 27 декабря 2024, 24.kg

Мамытбай Салымбеков «Бай-Түшүм» банкынын жарым акциясынын ээси болду

Аскар Салымбековдун бир тууганы Мамытбай Салымбеков «Бай-Түшүм» банкынын жарым акциясынын ээси болуп калды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланган маалыматтан белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, «Бай-Түшүм Банкы» ААКнын акционерлеринин реестрине өзгөртүүлөр киргизилген. Мамытбай Салымбеков банктын 50,75 пайыз жөнөкөй акцияларынын ээси болуп калды.

Эске сала кетсек, 2023-жылдын март айында «Бай-Түшүм» банкынын акцияларын Мамытбай Салымбековдун уулу Жумабек Салымбеков сатып алган. 2023-жылдын октябрында ал банктын директорлор кеңешинин башчысы болгон.

2024-жылдын 3-июлунда парламенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу кызматынан кеткен. Кийин 7-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы аны депутаттыкка каттаган.

Буга байланыштуу Жумабек Салымбеков ишенимдүү башкаруу келишимин түзүп, андан соң «Бай-Түшүм» банкындагы акцияларын «Заман» жабык акционердик коомуна өткөрүп берген.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18