24.kg
18:31, 27 декабря 2024, 24.kg

Айсулуу Тыныбекованын үйлөнүү үлпөт тою январь айында болушу мүмкүн

Белгилүү кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова күйөөсүнүн туугандарына чай берип жаткан видеосу интернетте пайда болду. Анда Айсулуу жоолук салынып, келиндик кызматтарын жасап жатат.

Социалдык тармактын колдонуучуларынын айтымында, видео «отко киргизүү» (жаңы үйлөнгөндөрдү күйөөсүнүн туугандарынын үйүнө биринчи жолу конок катары чакыруу ырымы) учурунда тартылган.

Комментарийлерде Айсулу Тыныбекованын жолдошу Талас районунун Кызыл Октябрь айылынан экени айтылат. Ал 24 жашта, ошондой эле күрөш менен алектенет.

Социалдык тармактардагы баракчасында спортчу үйлөнүү тоюна даярдыгын активдүү көрсөтүп жатат. Айрым маалыматтарга караганда үйлөнүү үлпөтү январь айына белгиленген.

Photo 359985

Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандагы эң титулдуу спортчулардын бири, эркин күрөш боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, Париж, Токио Олимпиадаларынын байге ээси, өлкөнүн сыймыгы.

Айсулу Тыныбекова 2028-жылы Лос-Анжелес шаарында өтө турган Олимпиадага катышууну пландап жатканын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18