24.kg
14:23, 27 декабря 2024, 24.kg

Транспорт министри Кыргызстанда канча жол оңдолгону тууралуу маалымат берди

Транспорт жана коммуникациялар министри ведомствонун бөлүмдөрү 2024-жылы кандай иштерди аткарганы тууралуу айтып берди. Абсаттар Сыргабаевдин айтымында, 1 миң чакырымдан ашык жол оңдолуп, 800 чакырымга асфальт төшөлүп, 15 көпүрө курулуп, 453 атайын техника алуу менен автопарк толукталды.

Ал Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу башталып, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун узундугу 35 чакырымга чейин узартылганын эске салды. Мындан тышкары аэропорттун учуп-конуу тилкелерине асфальт төшөлүп, автобекеттерди оңдоо иштери жүрүп, туристтик жайларга баруучу жолдор жакшыртылууда.

Транспорт министрлигинин башчысы ошондой эле транспорттук көзөмөлдөн түшкөн кирешенин натыйжасында 112 миллион сом түшкөнүн, 100 миңден ашык уруксат кагаздары берилгенин белгиледи.

«Сосновка» өткөрүү пунктунда QR-код аркылуу төлөм системасы киргизилип, Төө-Ашуу ашуусуна кошумча камералар орнотулду", — деп кошумчалады ал.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

3 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18