24.kg
09:30, 27 декабря 2024, 24.kg

Бишкекте санариптештирилген экспозициялардын көргөзмөсү ачылды

Бишкекте санариптештирилген экспозициялардын көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, көргөзмө Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде өтүүдө.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов «Санариптештирүүнүн ишке ашырылышы биз көнүп калган музейдин эмес, жаңы деңгээлге өтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Санариптештирүү — бул деген заман талабына жараша өнүгүп жатканыбыздын белгиси. Эми бул жакка келген коноктор экспозициядагы буюмдар тууралуу деталдуу маалымат алууга, курулушу жана механизмдери менен онлайн-форматта таанышууга мүмкүнчүлүк алышат»- деди.

Санариптештирүү долбоору музейге кызыккан бардык конокторго экспозициялардын өзгөчөлүктөрү менен каалаган убакта таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Коноктор экспонаттарды жеринде да, онлайн аркылуу да изилдей алышат, бул өзгөчө музейге өз алдынча келип көрүүгө мүмкүнчүлүгү жок адамдар үчүн өтө маанилүү.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18