24.kg
18:45, 26 декабря 2024, 24.kg

Айбек Молдогазиев Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров Айбек Молдогазиевди Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Айбек Молдогазиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу тышкы иштер министринин орун басары кызматынан бошотулган жарлыкка кол койгон. Молдогазиев бул кызматты 2022-жылдын 14-февралынан бери аркалап келген.

Photo 359809

Айбек Молдогазиев 1973-жылы 15-майда Бишкек шаарында туулган.

1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

1995-жылдын декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин системасында иштеген.

Эл аралык юридикалык бөлүмдүн атташелигинен эл аралык укук департаментинин директоруна чейин жеткен.

2002-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи катчысы болгон.

2009-жылы КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, 2017-жылдан тарта КР БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүндө министрдин кеңешчиси болуп иштеген.

2021-жылдын февраль айынан бери Тышкы иштер министрлигинин юридикалык бөлүмүн жетектеп келген.

Англис тилинде эркин сүйлөйт. «Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси» дипломатиялык рангына ээ.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18