24.kg
18:16, 26 декабря 2024, 24.kg

Парламент манасчынын үчилтиктин алып жүрүүчүсү катары укуктук макамын бекитти

Бүгүн, 26-декабрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында «Манас» эпосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" бириктирилген мыйзам долбоору каралды.

Демилгечилер — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Мирлан Самыйкожо, Камила Талиева, Аманкан Кенжебаев, Исатбек кызы Аида жана Министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек») жана анын бардык бөлүктөрүн алып жүрүүчү, сейрек кездешүүчү искусствонун улантуучусу катары манасчы статусун бекемдөө, манасчылардын чыгармачылыгын, аткаруу чеберчилигин сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо, жайылтуу жана мамлекет тараптан колдоо максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунда «Манас» эпосунун үчилтигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын анын чегинен тышкары жерлерде коргоо ошондой эле «Манас» эпосунун үчилтигин ар тараптан окутуп-үйрөтүү жана жаш муундарды тарыхый-маданий мурастардын баалулуктары менен тааныштыруу үчүн шарттарды түзүү каралган. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Манас» эпосу жөнүндө мыйзамында колдонулган «манасчы», «манасчынын аткаруучулук өнөрү», «эпикалык мурас», «интеллектуалдык мурас», «Манас» эпосун даңазалоо", терминдери киргизилет жана толукталат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18