24.kg
16:50, 26 декабря 2024, 24.kg

Ботаникалык бак ирригациялык системаны оңдоого кайрадан тендер жарыялады

Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын химия, технология, медицина, биология жана айыл чарба илимдер бөлүмүнүн илимий-изилдөө институтунун аймагындагы ирригациялык системаны капиталдык оңдоого кайрадан тендер жарыялайт. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Биринчи тендер жараксыз деп табылган.

Ишке төлөнүүчү план 95 миллион сомду түзөт.

Катышуучулардан арыздар 2025-жылдын 15-январына чейин кабыл алынат. Ишти аяктоо мөөнөтү келишим түзүлгөндөн кийин төрт айдын ичинде.

Эске салсак, декабрь айынын башында Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев 2024-жылы Бишкектеги Ботаникалык бакты сугаруу үчүн бөлүнгөн 95 миллион сом өздөштүрүлбөй калганын билдирген.

«Алар дагы эле акчаны өздөштүрө алышпайт. 0 сом сарпталган, анткени алгач президенттик аппарат сугат курабыз деп, кийин баш тартып койгон. Ботоникалык бактын жетекчилиги «Кыргызкурулуш» ишканасы менен байланышып, бирок бир жарым айдан кийин алардан эч кандай жооп болгон эмес. Мына жыл аяктап калды. Эгерде 20 күндүн ичинде акчаны иштетпесе, Каржы министрлиги алып кетет», — деди ал.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин орун басары Талант Иманакунов «Кыргызкурулуш» ишканасы долбоордун сметасын иштеп жатканын, бирок ал көп убакытты талап кылганын, балким, мындан ары каражатты пайдаланууга мүмкүн болбой турганын билдирди.

Каржы министри Алмаз Бакетаев мындай учурда акча эмки жылы дагы бөлүнүшү керек экенин билдирди. Дастан Бекешев Ботаникалык бакты жоготуп албаш үчүн дал ушундай кылууну суранды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18