24.kg
11:43, 26 декабря 2024, 24.kg

ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөртө турганын айтты

Төрага Нурланбек Шакиев жаңы жылдан тарта фамилиясын алмаштыра турганын Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү кесиптештери Мирлан Самыйкожо, Нурланбек Шакиев жана Аманкан Кенжебаев тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун талкуулап жатышат. Алар фамилиялардын төрт жаңы орфографиялык варианттарын сунушташат. Эл депутаттарынын айтымында, сунушталып жаткан варианттарда улуттук салттар, тарыхый мурастар чагылдырылган.

«Өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн демилгечилеринин бири катары айтарым жаңы жылда мен Нурлан Тургунбекович эмес, Нурлан Тургунбек уулу болом. Документти иштеп чыгууда нукура кыргыз фамилияларын берүүнү ойлогонбуз», — деди төрага.

Мисалы, Бактыбеков Үсөн Жакшылыкович, сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, Бактыбеков теги Үсөн, Бактыбектеги Үсөн Жакшылыктын, Бактыбек Үсөн же Бактыбек Үсөн Жакшылык уулу деп көрсөтүлүшү мүмкүн. Ал эми Бактыбекова Нургүл Жакшылыковна — Бактыбектеги Нургүл, Бактыбектеги Нургүл Жакшылыктан, Бактыбек Нургүл, Бактыбек Нургүл Жакшылык уулу.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18