24.kg
10:52, 26 декабря 2024, 24.kg

Алымкадыр Бейшеналиев Казакстан кесиптештерине ыраазычылык билдирди

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри казакстандык кесиптештерине Актауга жакын жердеги авиакырсыктан жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарына ыкчам жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Photo 359690

Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Акмарал Алназарова менен авиакырсыктан жабыркаган үч кыргызстандыктын абалы тууралуу маектешти.

Эскерте кетсек, алардын бири абалы оор, экөөнүн абалы орто экендиги айтылды.

«Казакстандык медицина адистери өз убагында керектүү жардамдарды көрсөтүштү, учурда жабыркагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө», — деп айтылат маалыматта.

Алымкадыр Бейшеналиев казак кесиптештерине кесипкөйлүгү жана ыкчам аракети үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле жарандарыбызды реабилитациялоо боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулады.

Эске сала кетсек, 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде жүргүнчү ташыган учак кулаган. Алдын ала маалыматтарга караганда, учак Бакудан Грозныйга бара жаткан. Кырсык болгон жерден буга чейин кара куту табылган. Учакта 67 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон.

Акыркы маалыматтар боюнча, 38 адам набыт болгон. Дагы 29 адам, анын ичинде үч бала ооруканага жаткырылды. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жабыркаган 11 адамдын абалы оор.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18