24.kg
08:30, 26 декабря 2024, 24.kg

Кыргызстан 2025-жылдан тарта алты өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Кыргызстан Перс булуңунун алты өлкөсүнө: Сауд Арабиясы Падышалыгы, Бириккен Араб Эмираттары, Катардын, Кувейттин, Омандын жана Бахрейндин жарандары үчүн визасыз режимди киргизүүдө. Жаңы эрежелер 2025-жылдын 4-январынан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленген тартипте Кыргыз Республикасына туристтик максатта келген бул мамлекеттердин жарандары бир календардык жыл ичинде өлкөдө жалпысынан 180 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.

Бирок, жумуш же окуу сыяктуу башка максаттар үчүн кирген учурда, сапардын максатына ылайык виза талап кылынат.

Бул чара туристтик агымды көбөйтүүгө жана Кыргызстандын инвестициялык жана бизнес жагымдуулугун жогорулатууга багытталган.

Толук маалымат алуу үчүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгына Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 10 дареги боюнча, ошондой эле +996703428865 жана +996999312002 (WhatsApp) номурлары боюнча кайрылсаңыз болот.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18