24.kg
16:18, 25 декабря 2024, 24.kg

Актауда учак кырсыгы. Аман калгандардын арасында Кыргызстандын эки жараны бар

Актау шаарындагы учак кырсыгынын кесепетинен ооруканага түшкөн 29 адамдын экөө Кыргызстандын жараны болуп чыкты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан Мангистау саламаттыкты сактоо департаментине шилтеме берүү менен билдирди.

«Бардыгы болуп 29 жабырлануучу бар: 27 адам облустук ооруканага жеткирилди; Жетилген 27 адамдын 11и оор абалда реанимацияда жатат. Балдар ооруканасына 11 жана 16 жаштагы эки бала жаткырылып, операцияга даярдалууда. Окуя болгон жерден төрт адамдын сөөгү табылган. Алынып келинген 27 адамдын ичинен 10 оор учур реанимацияда жатат», — деп айтылат маалыматта.

Photo 359627

Орусиянын 10, Азербайжандын 14, Кыргызстандын 2, Германиянын 1 жараны (жарандыгы белгисиз), дагы эки жарандыгы белгисиз ооруканага жаткырылды. Жарыяланган тизмеге ылайык, аман калган кыргызстандыктар 26 жаштагы Тилек Османов жана 20 жаштагы Ринат Асанов.

Эске сала кетсек, бүгүн, 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде жүргүнчү ташыган учак кулап түшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, учак Бакудан Грозныйга бара жаткан. Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. Учакта 67 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 24.kg басылмасына учурда учакта болушу мүмкүн болгон Кыргызстандын жарандары тууралуу маалыматты тактап жатканын билдирди. Кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалашты.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18