24.kg
14:37, 25 декабря 2024, 24.kg

Актауда учак кырсыгы. Учакта кыргызстандыктар болгон

Казакстандын Актау шаарында кырсыкка учураган учакта кыргызстандыктар да болгон. Бул тууралуу Tengrinews сайты жазып чыкты.

«Биздин маалымат боюнча, учакта Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Казакстандын 6 жана Кыргызстандын 3 жараны болгон. «Алдын ала маалыматтар боюнча, 25 жүргүнчү аман калган, алардын абалы оор», — деп айтылат материалда.

Эске сала кетсек, бүгүн, 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде жүргүнчү ташыган учак кулап түшкөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, учак Бакудан Грозныйга бара жаткан. Кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. Учакта 67 жүргүнчү жана 5 экипаж мүчөсү болгон.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 24.kg басылмасына учурда учактын бортунда болушу мүмкүн болгон Кыргызстандын жарандары тууралуу маалыматты тактап жатканын билдирди. Кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалашты.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18