24.kg
13:53, 25 декабря 2024, 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы ЭТТК жокко чыгарууга жол берилбестигин билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында салык чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелери, электрондук товартранспорттук колдонмолорду(ЭТТК) киргизүүнүн жүрүшү, отчеттуулукка байланышкан көйгөйлөрдү четтетүү, электрондук системалардын иштеши жана башка ушул сыяктуу маселелер талкууланды.

Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматынын алдына бир катар милдеттерди коюп, өзгөчө бюджетти түзүүчү товарларга толук мониторинг жүргүзүү жана 2024-2025-жылдарга пландын аткарылышын камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысы ЭТТКны жоюуга жол берилбестигин айтып, бирок бул процессти жөнөкөйлөтүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн жана ЭТТК талап кылынган товарлардын тизмесин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү изилденээрин кошумчалады.

Ал ошондой эле салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн жана Мамлекеттик салык кызматынын коррупцияга каршы күрөшүү жана салыктын ачыктыгын жогорулатуу боюнча натыйжалуу ишин камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Адылбек Касымалиев ишкерлер отчет тапшырууда кездешкен кезек күтүү, электрондук системалардын иштөөсүндөгү мүчүлүштүктөр сыяктуу көйгөйлөрдү тез арада жоюуну тапшырды.

Отурумдун жыйынтыгында минкаб башчысы фискалдык органдын ишмердүүлүгүнө ар тараптуу талдоо жүргүзүүнү тапшырды жана министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен ЭТТК кигизүүнүн жана жөнөкөйлөтүүнүн жыйынтыктарын изилдөө жана Мамлекеттик салык кызматынын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлөөрүн билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18