24.kg
13:00, 25 декабря 2024, 24.kg

Ысык-Көлдө экитактылуу скутерлерге гана тыюу салынат

Жогорку Кеңеш Ысык-Көл облусунун аймагында экитакттуу скутерлерди колдонууга тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Эске сала кетсек, алгач мыйзам долбоорунда Ысык-Көлдө гидроциклдерди жана мотороллерлердин бардык түрлөрүн колдонууга тыюу салуу сунушталган. Биринчиден, алар көлдүн экологиясына терс таасирин тийгизет. Күйүүчү майдын калдыктары көлгө түшүп калган учурлар болот. Экинчиден, гидроциклдердин катышуусундагы кырсыктар көп болуп, анын кесепетинен адамдар каза болуп жаткандыгы белгиленген.

Бирок айрым депутаттар гидроцикдер жана скутерди ижарага бергендерди коргоп чыгышты. Ошондуктан мыйзам долбоору кайра жазылып, эми сууну көбүрөөк булгаган эки такттуу скутерлерге гана тыюу салуу сунушталды.

Жыйында депутат Камила Талиева суу транспортун ижарага бергендер менен жолугуп, алар көлдүн суусу сезондун аягында тазаланып калаарын, андыктан гидроцикл, мотороллерлерди колдонуунун зыяны жок экенин айтты. Камила Талиева толкундар жээкке зыяндуу заттардын баарын жууп кетерин айтты.

Кошумчалай кетсек, мыйзам долбоорунун жаңы редакциясында Ысык-Көлдө канча гидроциклдер жана башка суу кемелери колдонуларын мамлекеттик органдар аныктап, аларга номур берүү сунушталууда. Гидроциклдердин техникалык паспорттору болушу керек деген талап киргизилүүдө.

Суу транспортун ижарага бергендер да салык төлөшү керек, ал үчүн Мамлекеттик салык кызматы алардын кирешесин эсептеп чыгышы зарыл.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев министрлер кабинети көлдүн зонасын түзүп, суу транспортун ижарага ала турган жерлерди аныктаганын билдирди. Мындан ары гидроцикл жана скутерлер техникалык аймактардын ичиндеги айрым каттамдарда гана жүрүшөт. Аларды Транспорт министрлиги жана суу полициясы көзөмөлдөйт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18