24.kg
10:27, 25 декабря 2024, 24.kg

Мамкурулуштун жетекчиси канча социалдык объектилер ишке берилгенин айтты

Мамкурулуштун жетекчиси өткөн жылы канча социалдык объектилер ишке берилгенин айтып берди. Нурдан Орунтаев «Биринчи радиодо» сүйлөп жатып, 2024-жылы Кыргызстанда курулуш тез темп менен өнүгүп жатканын белгиледи.

Photo 359518

Анын айтымында, 230 социалдык объектилер, анын ичинде жаңылары жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн объектилер пайдаланууга берилди. Курулуш индустриясы 137 пайызга өскөн.

«Биз таза суу менен камсыз кылуу үчүн 100дөн ашык мектеп, 50 бала бакча, оорукана, спорт комплекстерин, маданият үйлөрүн, 22 объектилерди курдук. Республикалык бюджеттен 13 миллиард сомго жакын каражат бөлүндү», — дейт Нурдан Орунтаев.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматына ылайык, ЕАЭБде курулуш иштеринин көлөмү 2024-жылдын январь-октябрь айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,1 пайызга өскөн. Эң жогорку көрсөткүч Кыргызстанда (31,1 пайыз) катталган. Андан кийин 10,2 пайыз менен Казакстан жана 7,8 пайыз менен Беларусь, 3,3 пайыз менен Армения жана 2,2 пайыз менен Орусия турат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18