24.kg
09:47, 25 декабря 2024, 24.kg

Бүгүн Бишкектин 6-кичи районунда жылуулук жана ысык суу берүү токтотулат

Бишкектин 6-кичи районунда жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 25-декабрда саат 08:30дан 18:00гө чейин жылуулук тармагындагы бузулууну жоюу максатында, 6-кичирайондо жылуулук жана ысык суу болбойт.

Белгиленгендей, суу түтүгүнүн жарылган жерлери аныкталып, ширетүү иштери пландалган.

Токтотуу төмөнкү үйлөргө тиешелүү:

6-кичирайондун № 15, 16, 17, 18, 19, 20, 21, 22, 38, 39, 40, 41 үйлөрү. № 44, 84 бала бакчалар, № 56 орто мектеп.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18