24.kg
16:51, 24 декабря 2024, 24.kg

Санарип министрлиги баңгизат жарнамалаган сайттарды сот чечими жок эле жабат

Санариптик өнүктүрүү министрлиги соттун чечими жок эле бангизат жарнамалаган сайттарды жабууну каалайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасынын орун басары Азамат Асанов билдирди.

Анын айтымында, азыр департамент мындай сайттардын ишин тез арада чектей албайт.

«Ошондуктан, соттун өкүмүн күтпөстөн порталдарды жаап салуу үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү пландап жатабыз. Ички иштер министрлигинин токтомунун негизинде баңги заттарды жарнамалаган сайттардын ишмердүүлүгүнө чектөө коюуга уруксат берүүңүздөрдү суранабыз. Мыйзам долбоору келерки жылдан тарта ишке кирет», — деди Азамат Асанов.

Депутаттар Жогорку Кеңештин «Жаштар арасында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун аткарылышы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматын угууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18