24.kg
16:06, 24 декабря 2024, 24.kg

Кыргызстанда 285 ак илбирс байырлап жатат

Кыргызстандын аймагында 285 ак илбирс байырлап жатат. Бул тууралуу Ак илбирсти коргоонун эл аралык күнүнүн бет ачарында айтылды.

Эске сала кетсек, БУУ президент Садыр Жапаровдун Эл аралык ак илбирс күнүн белгилөө демилгесин колдогон. БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясынын негизинде бул жаныбардын жалпы экосистемадагы ролун эске алуу менен аны сактоо боюнча аракеттерди колдоо боюнча эл аралык жана аймактык кызматташтыкты бекемдөө максатында 23-октябрь Эл аралык ак илбирстин күнү деп жарыяланган.

Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын эл аралык координатору Костуб Шарма айтымында окумуштуулар 125 миң чарчы километрден ашык аймактарды изилдешти. 875тен ашык фотокапкандар орнотулду. Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, Кыргызстанда 234төн 349га чейин ак илбирстин бар экендиги аныкталды. Орточо эсеп менен ак илбирстин саны 285 деп белгиленди деп айтты.

Ошондой эле Костуб Шарма бул жыйынтыктар экосистеманы коргоо маанилүү экендигин көрсөтөрүн айтып, комплекстүү иштерди жүргүзүү ак илбирстин санын көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18