24.kg
13:16, 24 декабря 2024, 24.kg

КР Чек ара кызматынын жаңы жетекчиси Абдикарим Алимбаев жөнүндө эмнелер белгилүү

Photo 359403

Абдикарим Алимбаев бүгүн, 24-декабрда расмий түрдө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын биринчи орун басары — Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды.

Ал жөнүндө эмне белгилүү

Абдикарим Алимбаев 1973-жылы 19-апрелде Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылында туулган. 1995-жылы Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын академиясын, 2006-жылы Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясын аяктаган.

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматында 1993-жылдан бери аскер бөлүгүнүн командиринен жетекчилик кызматтарга чейин жеткен.

2014-2016-жылдары Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп, андан кийин аны жетектеген.

2018-2021-жылдары Башкы штабдын башчысы, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болгон.

2021-жылдын май айында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Үй-бүлөлүү, үч баласы бар.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18