24.kg
10:34, 24 декабря 2024, 24.kg

УКМКнын төрагасынын эки орун басары кызматынан бошотулду

Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын эки орун басарын ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан кеткен. Анын ордун Садыр Жапаров бүгүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошоткон Абдикарим Алимбаев ээледи.

Мамлекет башчы ошондой эле УКМКнын төрагасынын орун басары, Антитеррордук борбордун директору Айбек Шаменовду ээлеген кызматынан бошотту. Ал дароо эле Абдикарим Алимбаевдин ордуна президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18