24.kg
17:30, 23 декабря 2024, 24.kg

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоого даярданып жатат

«Тамга-Каракол» жана «Кемин-Торугарт» долбоорлорунун алкагында Кытайга электр энергиясын экспорттоо үчүн жаңы кубаттуу көмөк чордондорду курууга даярдык иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өлкөнүн энергетика тармагынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Мындан тышкары, ал республика боюнча күн жана шамалдан алынуучу жаңы электр станцияларынын курулушу башталып жатканын кошумчалады. Инвесторлор үчүн жагымдуу инвестициялык шарттар түзүлдү.

Мамлекет башчысы ошондой эле CASA-1000 долбоорунун алкагында Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясын экспорттоо үчүн көмөкчордондордун жана линиялардын курулушу аяктаганын белгиледи.

Эске сала кетсек, 2023-жылы Кытайга электр энергиясын экспорттоо жана 500 киловольттук «Кыргызстан — Кытай» электр линиясын куруу боюнча ниет меморандумдарына кол коюлган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18