24.kg
17:09, 23 декабря 2024, 24.kg

Акциздик маркасы жок товар жүгүртүү үчүн 1 миллион сом айып салынбайт

Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов акциздик товарларды мыйзамсыз жүгүртүүгө жоопкерчиликти күчөтүү максатында мыйзам долбоорунан 1 миллион сом айып салуу нормасы алынып салынганын билдирди.

Эскерте кетсек, мыйзам долбоорунда акциздик маркасы жок же жасалма маркалар менен алкоголдук жана тамеки буюмдарын мыйзамсыз жүгүртүүгө 1 миллион айып салуу сунушталган.

Бирок мыйзам долбоорунда ири мыйзам бузуулар үчүн жазаны катаалдаштыруу камтылган. Акциздик маркалары жок продукцияны өзгөчө ири өлчөмдө жүгүртүүдө күнөөлүү адамдар 2 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн. Мындан тышкары, үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу каралган.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18