24.kg
17:05, 23 декабря 2024, 24.kg

Кубанычбек Ысабеков Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевдин 2024-жылдын 20-декабрындагы буйругу менен Кубанычбек Ысабеков Салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Бул тууралуу аталган башкармалык билдирди.

Бүгүн, 23-декабрда салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов төраганын жаңы орун басарын жамаатка тааныштырды. Ал белгилегендей, жаңы дайындалган жетекчинин орун басары өзүнүн милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн зарыл болгон тажрыйбага жана кесиптик билимге ээ.

Photo 359227

Ал Кубанычбек Ысабековдун салык системасы, анын процесстери жана Салык кызматынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен жакшы тааныш экендигин белгиледи.

Кубанычбек Ысабеков буга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18