24.kg
16:10, 23 декабря 2024, 24.kg

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 22,5 миллион доллар алат

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 22,5 миллион доллар грант жана насыя алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.

Ал Кыргыз Республикасы менен АӨБ ортосундагы «2025-2030-жылдарга көп тармактуу ишмердүүлүктү колдоо фонду» программасын каржылоо боюнча макулдашуунун долбоорун сунуштады. Бөлүнгөн акчанын суммасы 22,5 миллион долларды түзөт (анын 13,3 миллион доллары насыя, 9,2 миллион доллары грант).

Каражат климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери менен күрөшүүгө, экологияны башкаруу системасын жакшыртууга, шаарлардын жашоо деңгээлин жогорулатууга жумшалышы пландалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18