24.kg
15:49, 23 декабря 2024, 24.kg

Садыр Жапаров: «Камбар-Ата-1» Токтогул ГЭСинин оптималдуу иштешине шарт түзөт

«Кылым долбоору» деп аталган Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу долбоору Казакстандын, Өзбекстандын катышуусу жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен активдүү өнүгүп жатат. Эгерде баары план боюнча кетсе, жайга чейин базалык дамбаны жана башка инфраструктуралык объектилерди курууну баштайбыз«, — деди президент КР энергетика тармагынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып.

«Камбар-Ата-1» ГЭСин ишке киргизүү Токтогул ГЭСинин оптималдуу режимде иштөөсүнө мүмкүндүк берип, жаз-жай мезгилинде коңшу республикаларга суу берүүнү жана күз-кыш мезгилинде Кыргызстандын электр энергиясына болгон керектөөсүн толугу менен камсыз кылат. Тагыраак айтканда, бул ГЭСтин курулушу — Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган даңгыр жол. Ошону менен бирге Борбор Азия чөлкөмүндө суу ресурстарын натыйжалуу башкарууда «Камбар-Ата-1» ГЭСинин эбегейсиз мааниси ортого чыгат", — деди президент.

Ал улуу мүдөөлөрдү көздөө багытында жасалып жаткан иштер: түзүмдүк реформалар, курулуп жаткан чакан ГЭСтер, улуттук долбоорлор — энергетиктердин талыбаган аракети аркасында ишке ашып жаткандыгын баса белгилей кетти.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18