24.kg
15:41, 23 декабря 2024, 24.kg

Депутат мектеп окуучулары жума намазга барып, сабакка кайтпай жатышканын айтты

Мектеп окуучулары жума намазга кетип, сабакка кайтпай жатышат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай көрүнүштөр аймактарда гана эмес, борбордо да катталууда.

«Ошол эле учурда балдар үчүн жоопкерчилик мугалимдерге жүктөлөт. Ошондуктан, мындай учурларда мугалимдер ата-энелерге, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлоруна кабарлоону сунуштайм», — деди Дастан Бекешев.

Комитет жыйынында «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына диний чөйрөдөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору экинчи окууда талкууланып, кабыл алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18