24.kg
11:57, 23 декабря 2024, 24.kg

1 миллиард сомдон ашык темир-бетон заводу Нарын шаардык мэриясына кайтарылды

Мурдагы Нарын темир-бетон буюмдары заводу жана ушул эле аталыштагы дарыянын боюндагы кум карьери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, заводдун алдын ала баасы 1 миллиард 79 миллион сомду түзөт.

2002-жылы Нарын шаардык администрациясы жерге жайгаштыруу чөйрөсүндөгү өлкөнүн мыйзамдарын бузуу менен «Мунара Курулуш» акционердик коомуна Нарын дарыясынын боюндагы «Запин» участогунда жайгашкан жалпы аянты 6,6 га жер участогун бекитип бергени аныкталган. Буга чейин аталган жер тилкеси Нарын темир-бетон заводуна таандык болгон. Кийинчерээк буйруктун негизинде Нарын шаарындагы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын жооптуу адамдары «Мунара курулуш» АКсынын ээсине 6,6 га жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт беришкен.

Бул факт боюнча материалдар маалыматтардын электрондук журналына катталып, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча аталган участок Нарын шаардык мэриясынын балансына кайтарылды. Жүргүзүлгөн баалоо экспертизасына ылайык, темир-бетон заводунун жана карьердин базар баасы 1 млрд.79 млн сомду түзгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18