24.kg
09:56, 23 декабря 2024, 24.kg

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов дүйнө салды

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетов 102 жаш курагында чын дүйнө салды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдирди.

Photo 359106

Ведомстводон билдиришкендей, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 23-декабрда Ысык-Көл районунун Саруу айылында болот.

Урманбетов Асек, 1923-жылы туулган, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери, II топтогу майып.

Украинанын жана Белоруссиянын ар кайсы аймактарында согушкан. 1943-жылы декабрда полктун командиринин буйругу менен чалгындоо боюнча маанилүү тапшырманы аткарган. Ал эки истребитель менен бирге немистердин 76 автомашинасын ар кандай жүктөрү менен кармаган.

Жеңиштин урматына Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери, көптөгөн аскердик медалдар, юбилейлик медалдар менен сыйланган. 2016-жылдын 30-августунда «Даңк» медалы менен сыйланган. Пенсияга чыкканга чейин айыл чарбасында өндүрүштүк кооперативде башкы бухгалтер, ревизор болуп иштеген. Акын жана жазуучу. Ал «Ак жол» коомдук фондунун президенти катары кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калган балдарга демөөрчүлүк жардам көрсөткөн.

 

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18