24.kg
17:06, 20 декабря 2024, 24.kg

Курултайдын делегаттары ЖКнын төрагасынан мандатын бир жылга узартууну суранышты

Элдик Курултайдын Чүй облусунун Ысык-Ата районунан келген делегаты Чылпакбек Дарбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевден алардын мандатын бир жылга узартууну суранды.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунун өкүлү Анаркан Айдарова да ушундай эле өтүнүч менен кайрылган.

«Биздин эки күндүк мандатыбыз почтальондун иши. Биз бул жерге келип, өз сунуштарыбызды айтып, каттарды калтырабыз, ушуну менен биздин миссиябыз аяктайт. Эгер делегаттардын мандатын бир жылга узартсаңар элдин көп көйгөйлөрү тезирээк чечилмек. Нурланбек Тургунбекович, сизде 90 депутат бар, бул жерде колдоочу боло турган 700 делегат бар», — деди Чылпакбек Дарбеков.

Делегаттын сунушун жыйындын катышуучулары дүркүрөгөн кол чабуулар менен колдоп кетишти.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18