24.kg
15:45, 20 декабря 2024, 24.kg

Кыргызстанда 23-декабрда ЖОЖдордо абитуриенттерди кышкы кабыл алуу башталат

Кышкы кабыл алуунун алкагында Бүткүл республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча сынактык тандоо төрт тур менен өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, кабыл алуу төмөнкү даталарда өтөт:

биринчи тур 2024-жылдын 23-декабрынан 25-декабрына чейин,

экинчи тур 2025-жылдын 13-15-январына чейин,

үчүнчү тур 20-22-январга чейин,

төртүнчү тур 27-29-январга чейин.

Аталган башкармалык ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу контракттык орундарга гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлөрүн эскертет.

Жогорку окуу жайлардын тизмеси жана багыттары, ошондой эле порталда өзүңүздүн жеке кабинетиңизди каттоо жана ачуу боюнча нускамалар министрликтин https://2020.edu.gov.kg/ расмий сайтында жайгаштырылган.

Жазгы ЖРТнын (2024-ж.) жыйынтыгы сынакка катышуу үчүн жарактуу.

Жогорку кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында кыргызстандыктарды жана чет элдик жарандарды жылына эки жолу ЖОЖго кабыл алуу механизми иштелип чыккан.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18