24.kg
15:04, 20 декабря 2024, 24.kg

Курултай делегаты Бишкектин айланасындагы тоолорду жашылдандырууну суранды

Бүгүн, 20-декабрда үчүнчү Элдик Курултайда Бишкектен келген делегат Нургазы Арзыматов Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын тезирээк көрсөтүү үчүн президентке тапшырма берүүнү суранды.

Анын айтымында, мектеп бүтүрүүчүлөрү тесттин жыйынтыгын бир ай бою күтүшү керек.

"Мамлекеттик кызматка талапкерлер тапшырган тестирлөөнүн жыйынтыгы ошол эле күнү белгилүү болот. Бул системаны ЖРТга киргизүүнү суранабыз«,-дейт Нургазы Арзыматов.

Ал ошондой эле борбор калаанын айланасындагы тоолорду талаптагыдай формага келтирүүнү суранды.

«Туризмди өнүктүрүү үчүн бул тоолорду жашылдандыруу керек. Ошондой эле жарандарды жумуш менен камсыз кылат», — деди делегат.

Белгилей кетсек, Бишкекте үчүнчү Элдик Курултай өтүп жатат. Ага 698 делегат, анын ичинде чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын жана этникалык жамааттардын өкүлдөрү катышууда. Мамлекет башчынын атынан эң улуу делегат 98 жашка чыккан Улукбек Эргешевге белек тапшырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18