24.kg
14:14, 20 декабря 2024, 24.kg

Кыргызстанда 2034-жылга чейин футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекиди

Президент Садыр Жапаров 2024-2034-жылдарга футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Документ футбол инфраструктурасын мындан ары өнүктүрүүгө жана өлкөнүн спорттук потенциалын колдоого багытталган.

Жарлыкка ылайык, программа жана иш-чаралардын планы, аны ишке ашыруунун бюджети жана мониторинг жана баалоо көрсөткүчтөрүнүн матрицасы бекитилди. Иш-чаралардын белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары жана Кыргыз футбол союзу камсыздайт. Алар жыл сайын иш пландарын иштеп чыгып, ишке ашырышат жана программанын аткарылышы боюнча отчеттор Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жөнөтүлөт.

Программанын максаты — кыргыз футболун жаңы деңгээлге чыгаруу жана спортчулардын эл аралык ареналарда ийгиликтүү чыгуусуна шарт түзүү.

Белгилей кетсек, Кыргызстан футбол биримдигинин президенти болуп Камчыбек Ташиев дайындалган. Ал ушул жылдын 19-февралында КФБнын кезексиз курултайында шайланган. Кийинчерээк президент Садыр Жапаров маегинде Камчыбек Ташиевди КФБны жетектөөнү сунуштаганын айткан.

28-ноябрда жарыяланган ФИФАнын акыркы рейтингинде Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 210 команданын ичинен 107-орунда турат. Рейтингди Аргентина, Франция жана Испания жетектейт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстандын курама командасы 58, Тажикстан 104, Казакстан 110-орунда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18