24.kg
13:41, 20 декабря 2024, 24.kg

Ноокен менен Базар-Коргондун жашоочулары суу сактагыч куруп берүүнү суранышты

Бишкекте өтуп жаткан үчүнчү Элдик Курултайда Жалал-Абад облусунун Ноокен жана Базар-Коргон райондорунан келген делегат Рахманжан Жолдошев президенттен суу сактагыч курууну суранды.

Ал белгилегендей, Кара-Үңкүр дарыясы Базар-Коргон району аркылуу агат. Ал аркылуу жылына 750-800 миллион куб суу агат.

«Биз бул сууну колдонбогондон кийин Өзбекстанга кетет. Ошондуктан Кара-Үңкүр дарыясына агып жаткан Жаз-Кечүү дарыясын тосуп, суу сактагыч курууну сунуштайм. Бул долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси бар. Суу чарба кызматына өткөрүп бердик», — деди Рахманжан Жолдошев.

Ал белгилегендей, суу сактагычтын курулушу Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак райондорундагы жерлерди өздөштүрүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, балык чарбасын өнүктүрүү жана таза суу маселесин чечүүгө жардам берет.

Белгилей кетсек, Бишкекте үчүнчү Элдик Курултай өтүп жатат. Ага 698 делегат, анын ичинде чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын жана этникалык жамааттардын өкүлдөрү катышууда. Мамлекет башчынын атынан эң улуу делегат 98 жашка чыккан Улукбек Эргешевге белек тапшырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18