24.kg
13:35, 20 декабря 2024, 24.kg

Президент кыргызстандыктарды мугалимдер менен дарыгерлерди кемсинтпөөгө чакырды

Президент Садыр Жапаров үчүнчү Элдик Курултайда сүйлөп жатып, дарыгерлер менен мугалимдерди коргоого чакырды.

Ал өз кайрылуусунда мугалимдердин жана дарыгерлердин коом үчүн орду чоң экенин белгилеп, аларды «өмүрдүн жана билимдин сакчылары» деп атап, ошондой эле алардын эмгегисиз маданий жана сергек коом куруу мүмкүн эместигин белгиледи.

«Мугалимдер менен дарыгерлер — коомубуздун тирөөчү, өмүрдүн жана илим-билимдин сакчылары. Алар — биздин билимдүү болушубузга, ден соолугубузга кам көрө турган жана келечегибиздин пайдубалын түптөй турган адамдар. Алардын эмгегисиз маданияттуу, билимдүү коомду, дени сак улутту элестетүү мүмкүн эмес.

Бирок мугалимдер менен дарыгерлерди урматтап, сыйлоонун ордуна, кемсинтип, кээде аларга кол көтөргөн жол берилгис көрүнүштөр коомубузда учурай калууда. Мындай көрүнүштөр мыйзамды гана бузбастан, адепсиздиктин жеткен чегин көрсөтөт. Мен мындай көрүнүштөрдү кылымдардан бери келаткан аксакалдарды, элдин кызматындагыларды урматтоого, адептүүлүктү жана маданияттуулукту үйрөткөн наркыбызга жана салттуу динибизге болгон сокку деп эсептейм», -деди президент.

Мындай жосунсуз жоруктарга жол бербешибиз керектигин айткан мамлекет башчысы «Мекенге кызмат кылгандарды сыйлагыла, коргогула, урматтагыла деп ар бир кыргыз жаранына кайрылып кетер элем! Эгерде кимдир бирөө аларга карата зөөкүрдүк кылып, кемсинтүүчү мамиле жасаса, анда ал бүтүндөй коомго, адеп-абийирге жана мыйзамга каршы иш кылган болот.

Эгер биз келечекте туруктуу өнүгүү багытына түшкөн байгер мамлекет кургубуз келсе, улутубуздун саны артып, өзүнүн нарк-насилин сактап өссүн десек, анда мугалимдерге жана дарыгерлерге болгон буга чейинки мамилени толугу менен өзгөртүшүбүз керек», -деп баса белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18