24.kg
13:20, 20 декабря 2024, 24.kg

Элдик курултайда журналисттерди конструктивдүү сын менен сөз сүйлөөгө чакырылды

Бүгүн, 20-декабрда үчүнчү Элдик Курултайда Ноокенден келген делегат Асылбек Абдыкадыров иш-чарага бир нече маалымат каражаттарынын журналисттерин чакырып, сөз берүүнү сунуштады.

Анын айтымында, интернет сайттарында өлкөдө сөз эркиндиги жок, Курултайдын делегаттары нөөмөттөгү адамдар экенин жазып жатышат.

«Алар коомдук пикирди манипуляциялоодо. Эмне үчүн «Кактус», «Азаттык», «ПолитКлиника» сыяктуу маалымат каражаттарынын пикирин билүүгө болбосун? Андан кийин коомчулукка маалымат жеткирүү маселесин карамакпыз», — деп сунуштады Асылбек Абдыкадыров.

Курултайга катышып жаткан президент Садыр Жапаров буга каршы эмесмин деп жооп берди.

«Делегаттар чечсин, мен кийлигише албайм. Ошондой эле бардык делегаттарга эскертип кетким келет: эгерде конструктивдуу сын болсо, аны кандай болсо, ошондой айткыла. Бул үчүн сени эч ким жазалабайт. Курултай эмне үчүн? Бардык көйгөйлөрдү айтуу үчүн. Эгер журналисттер сүйлөсүн деп чечсеңиз, конструктивдүү сын айтып, фактыларды келтирсин», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18