24.kg
12:34, 20 декабря 2024, 24.kg

Садыр Жапаров мамлекетке кайтарылган мүлктөр тууралуу айтып берди

Бүгүн, 20-декабрда үчүнчү Элдик Курултайда президент Садыр Жапаров мамлекеттик реформалар адилеттүүлүктү орнотууга жана мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү элге кайтарууга багытталганын билдирди.

«Завод-фабрикалар, ишканалар, жер тилкелери, имараттар жана стратегиялык объектилер кызмат ордун жана байланыштарын пайдалангандардын олжолоруна айланып, мамлекетке эбегейсиз чыгымдарды алып келишкен.

Натыйжада, өлкөбүз өзүнүн активдерин гана эмес, өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн, жумуш орундарын жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, ошондой эле элдин башка муктаждыктарына жумшала турган миллиарддаган долларлык кирешелерин жоготкон», -деди президент

«Буга чейин уурдалган мүлктөрдү, мамлекетке кайтарып, адилеттүүлүктү калыбына келтирүүдөбүз. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ИИМ жана прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан тынымсыз жана түйшүктүү иштер өзүнүн жыйынтыктарын берип, өлкө казынасына миллиарддаган сомдук активдер жана объектилер кайтарылууда.

Мамлекеттин күч органдарынын мындай аракеттери баарына эле жага берген жок, албетте. «Менчиктин укугу бузулууда, ишкерликке тоскоолдуктарды жаратууда» деген сыяктуу шылтоолорду коомчулукка жайылтуу аракетин көргөндөр да болууда», деди мамлекет башчысы

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18