24.kg
12:16, 20 декабря 2024, 24.kg

Президент «Зордук-зомбулукту жашырган укук коргоо кызматкерлери иштен кетет»

Президент Садыр Жапаров 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан үчүнчү Элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда балдарга, аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукту сынга алды.

"Мен балдарга жана аялдарга болгон зордук-зомбулукка ар дайым терс карайм«,- деди президент Садыр Жапаров Элдик курултайда.

«Коомубузда ар бир аялзат, ар бири бала өзүн коопсуз сезиш үчүн болгон күч-аракетти жумшоо биздин негизги милдет болушу керек. Бул милдетти так аткарганда гана адам деген бийик атты сактап, бири-бирин урматтаган, адилеттүүлүккө негизделген коомду кура алабыз. Укук коргоо органдарынын бирден-бир ыйык милдети — «алсыздарды коргоо» экендигин бир канча ирет эскертип келем. Ал эми күч түзүмдөрүнүн кимиси ушундай фактыларга шалаакылык кылып, көңүл коштукка жол беришсе, анда ал атуулдук ар-намысынан эле ажырабастан, кызмат ордунан да кол жууйт. Биз ар бир аялзаты жана ар бир баланы мамлекет тарабынан коргоону, колдоону, камкордук менен сый-урматты сезген бейпил коомду курушубуз керек», — деди президент.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18