24.kg
11:12, 20 декабря 2024, 24.kg

Бишкекте III Элдик курултай ишин аяктады

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда эки күнгө созулган III Элдик курултай ишин жыйынтыктап, резолюция кабыл алынды.

Эки күн ичинде курултайда 150 делегат сөз сүйлөп, сунуш-пикирлерин айтышты. Мындан тышкары, кагаз түрүндө 2 миңден ашык кайрылуулар келип түштү.

Курултайдын делегаттары инфраструктураны өнүктүрүү, суу менен камсыздоону жакшыртуу, айыл чарбасын жана ишкердикти колдоо, мугалимдерди, дарыгерлерди жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык жактан коргоо сыяктуу маселелердин кеңири спектрин сунушташты. Өзгөчө көңүл ар кайсы региондордо майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборлорду курууга бурулду.

Мындан тышкары, ата мекендик продукцияны экспорттоо, кайра иштетүү, азык-түлүк коопсуздугу жана минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча заводдорду куруу темалары көтөрүлдү. Делегаттар ошондой эле шаарларды өнүктүрүүгө каражат бөлүү жана чет өлкөдө жүргөн жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү, анын ичинде виза режимин жеңилдетүү боюнча сунуштар менен кайрылышты.

Президент Садыр Жапаров Курултайды жыйынтыктап жатып, делегаттардын суроолоруна жооп берип, өлкөнүн өнүгүүсүнүн ар кандай аспектилерине кеңири токтолду.

Элдик курултайдын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18