24.kg
09:33, 20 декабря 2024, 24.kg

Кыргызстанда Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар башталды

Кыргызстанда Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөөгө даярдыктар башталды. 9-майга арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү.

Президенттик аппаратта Жеңиш майрамынын алдында өтө турган салтанаттуу жана майрамдык иш-чараларды, илимий-билим берүү конференцияларын жана тематикалык көргөзмөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы каралды.

«Кыргызстан фашизмге каршы күрөшкө жана Улуу Жеңишке жетишүүгө чоң салым кошту. Аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын, фронттогу жоокерлердин бийик патриоттук духу, тыл эмгекчилеринин бекем эрки биригип, чоң күчкө айланды. Эрдиги жана баатырдыгы кылымдан кылымга, муундан-муунга өткөн үлгү болуп кала бере турган адамдардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн колдон келгендин баарын кылышыбыз керек. Биз ошол каргашалуу согуштун ардагерлеринин жана тыл эмгекчилеринин эрдиктерин эстен чыгарбашыбыз керек», — деди министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18