24.kg
20:04, 19 декабря 2024, 24.kg

Кыргызстандагы бир катар көрүнүктүү инсандардын ысымы түбөлүккө сакталат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстандын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча министрлер кабинетинин алдындагы комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө ар кандай социалдык жана башка объектилерге өлкөнүн көрүнүктүү инсандарынын ысымдарын ыйгаруу, ошондой эле имараттардын сыртына мемориалдык такталарды орнотуу боюнча 20дан ашык маселе каралды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча төмөндөгү инсандардын ысымдарын ыйгаруу чечими кабыл алынды:

— Бишкек шаарындагы № 3 балдар искусство мектебине Кыргыз эл акыны, Кыргыз ССРнин эл артисти Муса Баетовдун ысымын;

— Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка орто мектебине Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун;

— Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтуна Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, экономика илимдеринин кандидаты, Кыргыз ССРнин элдик комиссариатынын орун басары, Министрлер советинин иш башкаруучусу, Кыргыз ССРнин Айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүү жана даярдоо боюнча министрдин биринчи орун басары болгон Кулья Азыковдун;

— Ош шаарындагы № 2 мектеп-гимназиясына Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү адабиятчысы, сынчысы, публицисти, сатириги, акыны жана коомдук ишмери Салижан Жигитовдун.

Ошондой эле комиссиянын чечими менен Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында баатырларча курман болгон жоокерлер Умарбек Курманбеков, Чыңгыз Акчалов жана Рашид Бердибаевдин ысымдары өзүлөрү туулуп өскөн айылдарда жайгашкан мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына берилди.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18