24.kg
17:03, 19 декабря 2024, 24.kg

Мектепке чейинки билим берүү программасына тартылган балдардын саны өстү

Быйыл Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү программаларына тартылган балдардын саны 28,3 пайыздан 44,3 пайызга өстү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, бир нөөмөт менен иштеген мектептерде жана бош имараттарда 302 кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылган. Китепканаларда балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлдү. Мындан тышкары үй тибиндеги 257 бала бакча уюштурулган.

Натыйжада 2024-жылга карата алты жаштагы балдардын 98 пайызы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине камтылган.

Маалым болгондой, жаңы бала бакчаларды курууга, бала бакчаларда кошумча тайпаларды ачууга жана уктоочу бөлмөлөрдү класстык бөлмөлөргө айландыруу үчүн 1,5 миллиард сом бөлүнгөн.

Мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү максатында пилоттук режимде ваучердик каржылоо механизмин киргизүү чечими кабыл алынып, бала бакчаларды ачуунун жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлүп, бала бакчаларды ачкан жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18