24.kg
15:20, 19 декабря 2024, 24.kg

ЖК милицияларды видеого тартууга тыюу салган мыйзам долбоорун четке какты

Жогорку Кеңеш милиция кызматкерлери тартылган видеотасмаларды тартууга жана жайылтууга тыюу салган мыйзам долбоорун экинчи окууда четке какты.

Эске сала кетсек, мыйзам долбоорунун автору депутат Сүйүнбек Өмүрзаков. Анын айтымында, документ милиция кызматкерлери катышкан монтаждалган видеолорду, тагыраагы реалдуу окуялар бурмаланган кадрларды жарыялоого гана тыюу салат.

Депутат Бактияр Калпаев мыйзам кабыл алына электигине карабай, буга чейин МАИ кызматкерлери видеого тартууга тыюу салган учурлар бар экенин белгиледи. Ал бул мыйзам долбоору күчүнө кире электигин өздүк курамга түшүндүрүп берүүнү өтүндү.

Photo 358669

Талкуунун жыйынтыгында четке кагылган мыйзам долбооруна депутат Дастан Бекешев да каршы пикирин билдирди. Ал добуш берүүнүн жыйынтыгын өзүнүн Telegram каналында жарыялады:

“Макул” – 44, “каршы” – 6, калыс – 33 депутат.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18