24.kg
15:11, 19 декабря 2024, 24.kg

Бишкектеги «Ак-Ордо» конушунда 750 орундуу мектептин курулушуна капсула салынды

Бүгүн, 19-декабрда Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда 750 окуучу орунга ылайыкталган мектептин курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Иш-чарага Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.

Жаңы курула турган мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Мамкурулуш агенттиги тарабынан курулууда.

Долбоор боюнча, мектептин имараты 3 кабаттуу болуп, 4 блоктон турат. Мектептин архитектуралык планында негизги окуу класстардан тышкары, химия жана физика лабараториясы, компьютердик класстар, китепкана, китеп сактоочу жайы, китеп окуу залы, ашканасы менен курулат.

Ошондой эле балдарды ар тараптан өнүктүрүүгө металл жана жыгач, кездемелерди иштетүү бөлмөлөрү, аскерге даярдоочу класстар, курал жарактарды сактоочу жайы, стоматология, дарыгердин бөлмөсү, валейбол, баскетбол жана гимнастика үчүн машыгуу залдары да каралган.

Объекттин жалпы аянты 6 495 чарчы метрди түзөт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18