24.kg
14:15, 19 декабря 2024, 24.kg

Жаңы жыл. Жаратылыш министрлиги кыргызстандыктарды балатыларды кыйбоого чакырды

Экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министрлиги кыргызстандыктарды жаңы жылдык майрамдарга карата жасалгалоо жана даярдануу үчүн балатыларды кыюудан баш тартууга чакырып, экологиялык жактан таза альтернативаларды тандоону сунуштайт.

Ведомство жаңы жыл алдында ийне жалбырактуу дарактарды үйлөрдү жасалгалоо үчүн кыйган фактылар көбөйүп жатканын белгиледи. Бул экосистемага олуттуу зыян келтирет.

Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандардан аларды кийинчерээк бакчага отургузуп же токойго кайтарып алууга мүмкүн болгон карападагы жаңы жылдык балатыларга алмаштырууну, же болбосо жасалмаларын сатып алууну өтүнөт.

Балатыны 3-5 метрге чейин өстүрүү үчүн эң аз дегенде 20-30 жыл керек экенин адистер эске салышты.

Жаратылыш ресурстар министрлиги ар бир кыйылган же зыянга учураган дарак үчүн дарактын жашына жана сөңгөгүнүн диаметрине жараша 381 сомдон 1271 сомго чейин айып пул каралганын өлкө тургундарына маалымдайт.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18