24.kg
09:44, 19 декабря 2024, 24.kg

Муфтият 20 имамга жаңы кызматтык унааларды тапшырды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы аймактардагы 20 имам хатибге жаңы кызматтык унааларды тапшырды. Бул тууралуу дин башкармалыгы билдирди.

Photo 358551

Азирети муфтий Абдулазиз Закиров жергиликтүү дин кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу максатында транспорт жаңыланганын белгиледи.

Белгиленгендей, дин кызматкерлерине Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу кызматтык автоунаа берилүүдө.

Мындай саамалык диний кызматкерлердин ишин жеңилдетүү, алардын убактыларын үнөмдөп, кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу максатын көздөйт. Авто унаалар имамдарга райондор арасында жүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүп, диний иштердин ийгиликтүү жүргүзүлүшүнө өз салымын кошот.

"Кызматтык унаалардын тапшырылышы — Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын 2024-жылга карата иш пландарынын алкагында ишке ашкан олуттуу кадамдардын бири. Дин башкармалыгы алдыда дагы ушул сыяктуу долбоорлор аркылуу диний кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууну уланта бермекчи",-деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18