24.kg
13:21, 18 декабря 2024, 24.kg

Жамиля Жаманбаева Ош облусунун тургундары менен жолугушту

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ош облусунун тургундары менен жолугушту.

Акыйкатчы институтунан маалымдашкандай, жолугушууга 400дөн ашуун жашоочу келди. Жыйынга облустагы мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышып, элдин суроолоруна жооп беришти.

Анда аймак тургундары көбүнчө жер, турак жай, социалдык көйгөйлөр жана билим алуу укуктары бузулуп жатканын айтышты.

Ош шаарында жашаган этникалык кыргыз акыйкатчыга кайрылып, Кыргызстандын паспортун алууга жардам берүүсүн суранды.

«Паспортум жок жашаган жеримден каттоого тура албай жатам. Менин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүм Өзбекстанда калган. Аны барып алып келүү үчүн документ болбогондуктан чек арадан өтө албайм. Кайрылбаган жерим калбады. Бардык мамлекеттик органдар менин өтүнүчүмдү жоопсуз калтырууда», — деди ал.

Акыйкатчыга Кара-Кулжа районунун жашоочусу да жардам сурап кайрылды. Анын Россияда иштеп жүргөн уулу эки ай мурда кармалып, учурда абакта олтурат.

«Уулум Красноярскта түрмөдө отурат. Биз баламдын эмне себептен кармалганын дагы билбейбиз. Жолугууга да уруксат бербей жатышат. Мен сиз менен жолугушууга атайын келдим, мага жардам беришиңизди суранам», — деди аял. Жамиля Жаманбаева мандатына ылайык, бул маселе боюнча жардам берерин айтты.

Жолугушууда бир нече жаран акыйкатчыдан Кара-Суу шаарындагы «Туратали» базарына жакын жайгашкан турак жайларга жана бизнес объекттерине болгон укуктарын коргоп берүүнү суранышты.

Жамиля Жаманбаева укук коргоо органдарын жана жергиликтүү бийликти бул маселелерди объективдүү карап, ак ниет сатып алуучулардын укугун коргоого чакырды.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18