24.kg
13:12, 18 декабря 2024, 24.kg

Садыр Жапаров эмне себептен Акылбек Жапаровду кызматтан алганын айтып берди

Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин мурдагы жетекчиси Акылбек Жапаровду эмне себептен кызматтан алганын түшүндүрдү.

Анын айтымында, бул Салык кызматынын жетекчилигине жана кызматкерлерине козголгон кылмыш ишин кароодо кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо үчүн жасалган.

«Салык системасындагы терс көрүнүштөр бизди абдан капа кылды. Акциздик маркаларга байланыштуу алдамчылыктар белгилүү болду. Бул тармак Акылбек Үсөнбековичтин карамагында болчу, ошого жараша мыйзамсыз аракеттерди токтотсо болмок. Кызыкчылыктардын кагылышын жоюу максатында Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигине карата козголгон кылмыш ишинин айынан мен аны кызматтан алууга аргасыз болдум», — деди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров 16-декабрда министрлер кабинетинин төрагалыгынан кеткен. Ал кызматта үч жыл эки ай иштеген.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18