24.kg
12:33, 18 декабря 2024, 24.kg

Адылбек Касымалиев депутаттарга таза иштөөгө убада берди

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиев депутаттарга таза жана ачык иштөөгө убада берди.

Ал инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, аймактарда кичи жана орто ишканаларды ачуу, калктын аз камсыз болгон катмары менен социалдык келишимдерди түзүү долбоорун улантуу жана кассалык машиналарды, ЭТТН жана ЭСФти киргизүүнү жөнөкөйлөштүрүү анын ишинин багыттары катары белгиледи.

Эл депутаты Бактияр Калпаев парламент келерки жылдын республикалык бюджетин 700 миллиард сомго бекиткенин белгилеп, Адылбек Касымалиевге министрлер кабинети аткара алабы деген суроо узатты.

«Келгиле, жасайлы. Салыктын түрлөрүн жана көлөмүн көбөйтпөйбүз. Биз башкаруу маселелерине көбүрөөк көңүл бурабыз. Мен абдан жооптуу кызматка келдим. Мен сиздерге ак ниеттүүлүк менен иштөөгө убада берем. Бул менин максатым. Буга чейин таза иштегем, мындан ары да иштейм», — деди Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу

Парламентте министрлер кабинетинин төрагалыгына жана президенттик аппараттын жетекчиси кызматына Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги каралууда.

Views
0
Views
Views
Views
Ситуация с ГСМ в Кыргызстане
Происшествия
Агент 024
Власть
Общество
Атака на Иран
Экономика
Спорт
Полезные советы

Падение рубля: мигранты теряют доходы, а импорт в Кыргызстан становится выгоднее

4 дня назад

Техноблог

Последствия масштабных лесных пожаров в Европе показали с высоты

Торговля
Ситуация вокруг Украины

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18